Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун саат 16:05ке берген маалыматына ылайык, учак ичиндеги Кыргызстандын 2 жараны ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, 1998-жылы туулган О.Т. жана 2004-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар ооруканага жеткирилген. Ал эми бир жаран боюнча тактоо иши жүрүүдө.
«Аварияга кабылган учактын ичинде жалпы 67 адам болгон. Анын ичинен 5 экипаж, Азербайжандын 37, Орусияныны 16, Казакстандын 6 жараны болгон. Учурда 28 жаран ооруканага жеткирилген. Жеринде Казакстандын куткаруучулары тарабынан тиешелүү жумуштар жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.