Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 29-декабрда Кыргыз жараны Ринат Асановду мекенине жеткирүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдыктары менен медициналык бригада Актау шаарына учуп кеткенин билдиришти.
«Бейтапты ташуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.