Казакстандын маалымат каражаттары Актауда катталган учак кырсыгында аман калгандардын арасында казакстандыктар жок экенин жазышты.
Ведомстволор аралык комиссияны жетектеген Казакстандын вице-премьери Канат Бозумбаев шаршемби күнү кечинде маалымат берди.
«Каза болгон 6 казакстандыктын төртөө Мангистау облусунун, бирөө Костанай облусунун жана бирөө Астананын тургуну», — деди вице-премьер.
Ал ошондой эле каза болгон жарандардын жакындарына тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн айтты. «Үй-бүлөлөргө керектүү жардамдар, анын ичинде сөөктөрдү жеткирүү жана көмүү, мыйзам боюнча бардык зарыл төлөмдөр жана башка жардамдар толугу менен берилет. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө”,-деди Бозумбаев.
Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борт ичиндеги 67 адамдын 38и каза тапты. Ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен 29 жаран жеткирилген. Анын ичинен үчөөсү жаш балдар. Учактын ичинде Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон.