«Учурда абалдары туруктуу». Бишкекте 10 жана 11 жаштагы балдар колго жасалган жарылуучу затты жардырышкан

Кечээ, 25-август күнү саат 17:30 чамасында Биринчи Май районундагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Ала-Арча суусунда 2 жаш бала колго жасалган жарылуучу затты жардырган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2010 жана 2011-жылы туулган жаш балдар жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып,  жабыркаган 2 баланы чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.