«Учурда каралып жатат». Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча сунуш түштү

Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен сунуш түштү. Маалыматты аталган министрликтен тастыкташты.

«Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине каникулдарды узартуу маселеси боюнча сунуш кылды. Билим берүү министрлигинен жооп күтүп жатабыз. Кандай болгон күндө да Бишкектин мектептери офлайн да, онлайн режиминде да окууга даяр”, — деп билдиришти мэриядан.

«Бизге сунуш бүгүн саат 10:00дөн кийин түштү. Азыр бир нече министрликтен турган комиссия жыйын өткөрүүдө. Жыйындын соңуна ылайык белгилүү болот», — дешти Билим берүү министрлигинен.