Учурда Райымбек Матраимовдун ишине байланышкан соттук отурум өтүп жатат

Бүгүн, 9-февралда Раимбек Матраимовдун ишине байланышкан соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өтүп жатат. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, учурда соттук отурум өтүп жатат.

Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Бирок тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. Декабрь айында адегенде Райымбек Матраимов, ага удаа эле жубайы Уулкан Тургунова АКШнын “кара тизмесине” кирген.