Учурда СИЗО-1 мекемесинде коронавирус жуктургандар жок

иллюстрациялык сүрөт

Акыйкатчы институтунун аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери СИЗО-1 мекемесинин башчысы менен байланышып, активист Тилекмат Куренов COVID-19 идетине чалдыкты деп социалдык тармактарга тараган маалыматты такташты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

«Кудайберген уулу Тилекмат ушул жылдын 31-мартында Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1 мекемесине ПЦР-анализинин жана рентгенографиянын натыйжалары боюнча которулган. Учурда анын ден соолугу жакшы жана коронавирустун белгилери жок. Аны өз колу менен жазылган тил кат менен тастыктады. Активист менен бирге камерада дагы 16 киши жатат. Мындан тышкары СИЗО-1 мекемесинин башчысы учурда №21 тергөө изоляторунда COVID-19 илдетин жуктурган бир дагы адам жок экенин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык сотунда Кудайберген уулу Тилекматтын (Куренов) баш коргоо чарасы каралган эле. Бирок соттук отурумга карантин жана коронавируска байланыштуу Куреновду алып келишкен эмес. Бул жагдай жакындарын тынчсызданта баштаган эле.