Кечээ, 15-апрелде Оштогу балдар ооруканасына 2 жаштагы наристе шашылыш жеткирилди. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бала ооруканага дем алуусу оор абалда жеткирилген.
«2 жаштагы баланы түшкө маал алып келишти. Кекиртегине сөөк тыгылып калып, дем алуусу кыйындап жаткан экен. Аны учурунда албасак, чарчап калмак. Алынган сөөктүн узундугу 2 сантиметр экен»,— деди оорукананын дарыгери Элмурат Эркулов.