«Уй Шекерде союлган, ээси Көк-Сайда жашайт». Көк-Сай айыл өкмөтүнө да күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов менен байланышканыбызда Шекер айыл өкмөтүнө да, Көк-Сай айыл өкмөтүнө да күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилип жатканын айтты.

«Уй Шекер айыл өкмөтүнүн аймагында багылып, союлган, бирок уйдун ээси Көк-Сай айыл өкмөтүндө жашайт. Ошондуктан айыл өкмөткө карантин киргизилди. Айыл өкмөттүн аймагынан мал чыкпайт жана мал киргизилбейт. Азырынча чектөөлөр ушундай эле», — деди ал.

Буга чейин Шекер айыл өкмөт башчысы Канат Чомотоев редакциябызга Шекер айыл өкмөтүнө күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилгенин билдирген.