УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун ак сакалын жайкалткан жаңы сүрөтү жарыяланды

Социалдык тармактарга Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун азыркы күндөгү сүрөтү жарыяланды.

Эске салсак, Мурат Суталинов 2006-2010-жылга чейин Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган. 2010-жылы Апрель революциясында митингге чыккан адамдарга курал колдонгон жана кызматтык абалынан пайдаланган деген айып менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Суталинов бөйрөктүн 4-стадиядагы рак оорусу менен жабыркаганы аныкталып, 2019-жылы 7-майда сот залынан бошотулган.