УКМК 1 айдан бери Болот Сүйүмбаевди таппай жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дале аталган комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевди таппай жатат. Буга чейин ал ири көлөмдөгү зергердик жасалгалардын контрабандасына байланыштуу кылмыш иши боюнча 10-декабрдан бери изделип жатканы маалым болгон. Сүйүмбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык контрабанда беренелери боюнча шектелип, суракка келбей койгону үчүн ага издөө жарыяланды”, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Эгерде аны көргөндөр же маалыматы болгондор болсо, анда мамлекеттик комитет 0132 660475 же 102 номерине чалып коюуну сурайт.