УКМК: «2019-жылы Орхан Инанды уурдалышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөн»

2019-жылы УКМК Орхан Инандыга бирөөлөр тарабынан уурдалышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин эскерткен. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылы УКМКга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап, акча талап кылууну көздөп жатышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жазык кодексинин 170-беренесинин (адам уурдоо) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө УКМКнын тергөөчүлөрү Орхан Инандыга бирөөлөр тарабынан уурдалышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин эскертишкен. Ага жан сакчы жалдап, коопсуздугу үчүн чара көрүү сунушталган.

«Учурда УКМК тарабынан ИИМге Орхан Инандыны издөөгө жардам көрсөтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.