Бүгүн, 12-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.
Коллегиянын жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соңку жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө чоң натыйжа бар экенин баса белгиледи. Өзгөчө коопсуздук кызматкерлеринин ыкчам жана күжүрмөн иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүнкү күндө өлкө казынасына кымырылган каражаттар кайтарылып, алсак, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын өзүндө эле УКМК кызматкерлери тарабынан тарыхта биринчи жолу 70 миллиард сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 миллиард сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөндүгү маалымдалды.
Камчыбек Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип орнотуу, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, УКМК кызматкерлерине бир катар багыттар боюнча тийиштүү тапшырмаларды милдеттендирди.