«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүн андан баш тартуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу чарасынын жыйынтыгы боюнча УКМК маалымат берди.
25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага катышууга Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылары маалымдалган.
УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында 3 жаран тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен экстремисттик идеялардан баш тартышкан.