УКМК Сегизбаевдин пневмонияга чалдыкканын тастыктап, ооруканага 5 күн мурда жаткырылганын билдиришти

УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаевден эки тараптуу пневмония деген диагноз аныкталды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан ырасташты. Расмий маалымат боюнча, Сегизбаев ооруканага 24-майда жеткирилген. «Мурунку аптада Сегизбаевдин дене табы көтөрүлгөн. Андан кийин УКМКнын демилгеси менен дарылануудан өтүү үчүн дүйшөмбү күнү ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 28-майда УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары Абдил Сегизбаевдин коронавируска чалдыгып, илдеттен улам абалы оор экендигин билдиришкен эле.