УКМК «Азия Ньюс» гезитинин башкы редакторуна кылмыш ишин козгоду

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) менен козголгон.

Бул факт боюнча Асланбек Сартбаев интернетке жарыялаган материалда региондор аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган.