Чек ара кызматы Баткенде жоголуп кеткен 2 бала тууралуу билдирүү жасады

иллюстрация

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 2 жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Лейлек районунун Бешкент айылынын тургуну А.М.дан 19 жаштагы эки уулу жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Алар Лейлектин Сай тилкесинде куруучулук менен алектенип жатышкан.

Бул факт боюнча маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын Лейлек тилкеси жана Тажикстандын Ганчи  тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Компетенттүү органдар 2 баланы издөө иштерин алып барышууда.