УКМК да Алтынбек Сулайманов кармалды деген маалыматты четке какты

УКМКнын маалымат кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Алтынбек Сулайманов кармалды деген маалыматты четке какты.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулаймановдун УКМК тарабынан кармалганын жазып чыгышкан.

Маалымат расмий тастыкталган эмес. Социалдык тармактын колдонуучусу «Алтынбек Сулаймановду кармап кетишти деп жатышат» деген билдирүү калтырган. Ага Алтынбек Сулаймановдун баракчасы аркылуу «жалган маалымат» деген жооп жазылган.