УКМК депутат Кубанычбек Жумалиев тууралуу маалыматты четке какты

Кубанычбек Жумалиевдин менчик клиникага жаткырылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Комитеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, депутат Кубанычбек Жумалиев менчик «Бикард» клиникасында дарылануудан өткөн соң, УКМКнын Тергөө абагына кайтарылган.

Эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип камакка алынган. Бүгүн бир катар ЖМКларда ал экс-бажычы Райымбек Матраимов дарыланып жаткан «Бикард» клиникасында экени, анын жүрөгүнө олуттуу операция жасалары тууралуу маалымат жарыяланган.