УКМК депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов боюнча БШКга арыз жолдоду

УКМК “Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга арыз жолдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

БШКнын түшүндүрмөсү боюнча, шайлоо комиссиясынын макулдугу талап кылынбайт, анткени бирдиктүү шайлоо округу боюнча, анын ичинде «Азаттык» боюнча да жыйынтыктар чыгарылган.

Бактыбек Калмаматов кечээ, 21-декабрда кечинде «Манас» аэропортунан УКМКга жеткирилген. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин эки суткага УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.