УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

Ушул жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган. Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, ошондой эле Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришти. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Ошол эле учурда Эмил Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес. УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Эмил Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берет.

Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эмил Жамгырчиев жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.