УКМК гранатомёт капыстан жарылып, оор жаракат алган «Альфанын» жоокери тууралуу маалыматты териштирип жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине машыгууда гранатомёт жарылып, оор жаракат алган «Альфа» атайын даярдыктагы аскер тобунун жоокери тууралуу маалыматты териштирип жатканын билдирди.

Бирок УКМК бул маалымат боюнча андан башка комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн полигонунда кырсык болгонун, анда машыгуу учурунда автоматтык гранатомёт жарылып, бир аскер жаракат алып, оор абалда реанимацияда жатканын жазып чыгышкан болчу.