Кечээ, 9-январда жергиликтүү ЖМКлар ИИМдин башчысынын орун басарынын айдоочусу менен тергөөчү кармалды деген маалыматты жазып чыгышкан. Ошондой эле алардын пара талап кылууга шектелип жатканын билдиришкен. Бул боюнча ИИМ маалымат таратып, алар УКМКга күбө катары чакырылганын, кийинчерээк коё берилгенин билдирди.
«ИИМдин башчысынын орун басарынын айдоочусу менен тергөөчү кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Алар УКМКга күбө катары суракка чакырылганы чындык. Сурак бүткөн соң алар коё берилген», — деп айтылат маалыматта.