УКМК ишмердүүлүгүн токтоткон Оштогу мечиттердин, диний билим берүүчү жайлардын абалы (видео)

Мекемелер аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

20-июлдан тартып УКМК, Ички иштер министрлигинин, Муфтият, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнөн, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБдан турган ведомстволор аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Көрсөтүлгөн шарттарда ведомстволор аралык топтун ишинин жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди, 15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды, 7 материал каттоого алынды. 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурулган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди.

Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды.

Комиссиянын иш-чарасынын алкагында 23-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында координациялык кеңешме болуп, анда диний чөйрөдөгү орун алган көйгөйлөр талкууланып, аныкталган кемчиликтер айтылды. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилип, диний жана сыйынуу жайларынын жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү, түшүндүрүү-профилактикалык иштерди, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.