УКМК: Жалал-Абадда мамлекетке кайтарылган жер тилкелерине ипотекалык үйлөр курулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу иштеринин натыйжасында 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 22 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлүп, жалпы суммасы 4 миллиард 170 миллион 432 миң 633 сомду түздү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргыз жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат. Бул чаралар президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашырууга багытталган.

Курулуп жаткан турак-жай комплекстери жалпы аянты 424 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, комплекстердин аймагында жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура, анын ичинде балдар жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) каралган. Ошондой эле бул жер тилкелерине башка социалдык объектилерди, атап айтканда университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалууда.