УКМК: Жардам сурап кайрылган аксакалдын өтүнүчү канааттандырылды

Буга чейин социалдык тармакта Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында жашаган Абдибап Мусулманкулов өлкө башчысына жана УКМК төрагасына кайрылып, кызы Динара Муратовага жана беш небересине өздүгүн тастыктаган документтерин алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
Аксакалдын айтымында, алардын үй-бүлөсү турмуштук кырдаалга жана оор шарттарга байланыштуу документтерди ала алышкан эмес. Буга чейин калкты документтештирүү органдарына бир нече жолу кайрылып, деген менен алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу аракеттери, баштапкы документтерди тариздөө үчүн негиз болуп саналган зарыл далил базасынын жоктугунан улам ийгиликсиз болгон. Аксакал учурда анын кызы Динара 25 жашта, үй-бүлөлүү, беш баласы бар, бирок туруктуу өздөрүнө таандык үйү жоктугун айткан. Мындан тышкары, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондуктан, балдарды ооруканага да, мектепке да киргизе алышкан эмес. Ошондуктан, аксакал кызынын документтерин алууга жардам берүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылган.
Мындан улам, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен кечээ, 24-июлда Абдибап Мусулманкуловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана неберелерине баалуу белектер тапшырылды. Ошондогй эле, тийиштүү мекемеден билдиришкендей учурда документтерди даярдоо процесси журуп жатат. Өз кезегинде аксакал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.