УКМК: «Менчик медициналык мекемелерде томографиянын баасы арзандады»

Менчик адистештирилген медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» и «Веданта», ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30 пайызга чейин төмөндөтүүгө макулдашты.