УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады. Анын жыйынтыгында жалпы баасы 2 миллиард сомго жакын жер тилкелерин жана бала бакчаларды мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын аймагындагы бала бакча имараты менен жалпы аянты 0,45 га жер тилкесин сатуу фактысы аныкталды. Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ээси өз ыктыяры менен Орозбеков айыл аймагынын муниципалдык менчигине болжолдуу баасы 19 миллион 236 миң 400 сом болгон жер тилкеси менен бала бакча имаратын кайтарып берди.
Мындан тышкары, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,27 га жер тилкеси менен болжолдуу баасы 30 миллион 422 миң сом болгон мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчасы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын балансына кайтарылды.
Ошондой эле, менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде Масалиев жана Исхак-Полотхан айыл аймактарындагы жалпы көлөмү 60 га айыл чарба багытындагы, баасы 1 миллиард 877 миллион 581 миң сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүп берилген.