УКМК: «Камчыбек Ташиев туткунга алынды деп тарап жаткан маалыматтар — калп»

УКМК Камчыбек Ташиевдин барымтага алынганын жана 16-сентябрдан бери көрүнбөй жатканын четке какты. 

Маалыматка ылайык, ал Баткен облусунун аймагында болгондуктан, кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдар менен түзүмдөрдүн ишин координациялоону улантууда. УКМК Ташиев 16-сентябрда кечинде Баткен облустук штабында маек бергенин эскертти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында башаламандыкка, чыр-чатакка багытталган жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертет.

УКМК коомчулукту, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, активисттерди, блогерлерди жана өлкө жарандарын кырдаалды тез арада жөнгө салуу үчүн бийлик менен бирге болууга чакырды.