УКМК кармаган дарыгер белгилүү актёр экени маалымдалды

Буга чейин УКМК маалымат таратып, Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. 

«Кармалган жаран Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургунунун атасына жасалган операция үчүн 90 миң сом талап кылган. Соттун чечими менен дарыгер камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар кармалган жаран тамашоучу жана белгилүү актёр экенин маалымдашты. Ал учурунда Тамашоудогу «Саяктар» командасында ойноп, кийин «Көк Салкын» тасмасына да тартылган.