УКМК кармаган жаран «Азаттык» радиосунда эч качан иштебегени маалымдалды

Буга чейин УКМК маалымат таратып, Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылууга шек саналган кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын билдирген. 

Андагы маалыматка ылайык, Чаткал районунун мурдагы акими, милициянын мурдагы тергөөчүсү жана «Азаттык» радиосунун мурдагы журналисти экени айтылат.

«Азаттык» радиосу Н.А.К аттуу жаран журналист болуп эч качан иштебегенин, атайын кызмат тараткан маалыматта ката кетип калганын билдирди.