УКМК кечээ сурак берип чыккан Дастан Бекешев боюнча маалымат таратты

Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкер тарабынан Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган жана ал боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө. «Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган. Мындан тышкары конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Дастан Бекешевдин УКМКга көрсөтмө берүүгө өзү барганын айтышты. Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн БШКга жиберилет.