УКМК: «KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылайт»

KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылайт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен «Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун түзүү» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койгон. Салтанатка Камчыбек Ташиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонжэ жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Ли Жоңсу катышкан.

«KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда. Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025). Бул долбоорду ишке ашыруу каражаты 5 миллион долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.