УКМК Көлбаевдин 2 унаасы мамлекеттик органдарга берилген деген маалыматты четке какты

Буга чейин журналисттер Маммүлктү башкаруу агенттигине шилтеме берүү менен Камчы Көлбаевден алынган эки унаа мамлекеттик органдарга берилгенин, 25,5 миллион сомдук Mercedes-Benz S600 машинасын президенттин иш башкармалыгы, 1,15 миллион сомдук Kia Rio X-Line унаасын УКМК алганын жазышкан. УКМК бул маалыматы четке какты.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге тиешелүү бир нече унаа алынып, кийинчерээк алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке андан аркы чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилген. «УКМКнын өзүнүн балансында жетиштүү сандагы унаалары бар»,- дешти.