УКМК Көлбаевдин байлыгынын ичинен өзүнүн үйүн көргөн жаран тууралуу маалымат берди

Буга чейин Kaktus.media сайтына Кеңешбай Молдобаев аттуу жаран кайрылып, УКМКнын Камчы Көлбаевге таандык делген үй боюнча үн катып, ал үйдө 1997-жылдан бери жашарын айтып, чаташуу болуп кеткенин билдирген эле. Ал өзүнүн үйүнүн видеосун УКМКнын тараткан маалыматынан көрүп, таң калганын айткан. 

Бүгүн, 11-октябрда УКМК маалымат таратып, маалыматтын чындыкка дал келбей турганын айтты. «Жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок иш жүзүндө ал Курултай көчөсү №49 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат. Кылмыш иши козголуп жаткан жана Камчы Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жайгашкан. Ал эми №53 дарегинде жайгашкан үй Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган»,- дешти.