УКМК кыргыз-тажик чек арасында өрттөнүп жаткан үй тартылган видео тууралуу түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети интернетте тараган видеотасма боюнча түшүндүрүү таратты. Анда жазылгандай, 14-май күнү кыргызстандык нөөмөтчү аскерлер кыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жерде тажик жаранына тиешелүү үй өрттөнүп жатканын байкашкан. Тажик чек арачылары менен телефон аркылуу байланышкан учурда алар өрттү тастыктап, коопсуздук үчүн кыргызстандык нөөмөтчү аскерлерди алысыраак алып кетүүнү өтүнүшкөн.

Эртеси 15-май күнү Баткен районундагы Кара тилкесинде кыргыз-тажик чек арачылары жана айыл башчылары жолугушкан. Анда тараптар чек арага жакын аймактардагы дарактар кыйылып жатканы тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттарында жазылып жаткан кабардын чын-төгүнүн талкуулашкан. Натыйжада тажик тарап бак кыйылганын далилдеп бере алган эмес.

Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын расмий органдарын чек арадагы өрт тууралуу фактыны бейтарап иликтеп, аталган окуяга Кыргыз жарандарынын тиешеси бар экендиги айтылган калп маалыматтарды таратылуусуна бөгөт коюуга чакырган. «Өлкөлөр арасындагы мамилени калыбына келтирүүдөгү оор учурда Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жана маалымат каражаттарынын мындай билдирүүлөрү аймакта кырдаалдын чыңалуусуна алып келиши мүмкүн. Мындан коңшулаш жашап келген эки элдин мамилеси гана эмес, аймактагы коопсуздукту сактоого жасалган бардык аракеттер жокко чыгышы мүмкүн», — деп жазылган маалыматта.