УКМК Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалыматты четке какты

УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарындагы “Ооганстанга Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

«16-декабрга карата Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган. Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган»,- деп айтылат маалыматта.

Ооган маалымат каражаты Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп баштаганын жазды.