УКМК: «Кыргызстандыктарды Тажик тарап камап, барымтага алып жатат деген маалымат — фейк»

Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарын Тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, фейк. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын айтымында, социалдык тармактардын көпчүлүгүнө жана маалымдоо каржаттарынын кээ бирлерине 22 жаранды тажик тарап кармап кетип, барымтага алышты деген туура эмес маалыматтар тарап кеткен.

Ал эми мекеменин расмий маалыматы боюнча Баткен районунун үч тургуну менен Кадамжай районунун эки жашоочусу Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. (Алар жол таппай адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтүшкөн эмес.) Миграциялык мыйзамдарды бузуп чек арадан өтүп кетишкендиктери үчүн тажик тарап ал  5 кыргыз жаранын камакка алышкан. «Учурда алардын абалы канаттандыраарлык»,_ -деп билдирди УКМК.