УКМК: «Кыргызстанга Кытайдан 1,1 миллион доза вакцина 11-июлда алып келинет»

Кыргызстанга Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 1,1 миллион дозасы 11-июлда алып келинет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Июлдун аягында дагы 1,2 миллион доза вакцина келет. Бул вакцинанын баарын биз сатып алып жатабыз. Сатып алып, жарандарыбызга азырынча бекер сайып жатабыз. Күзүндө же кышында сатылып калышы мүмкүн. Вакцина бар, мен да «Синофарм» алгам»,- деди ал.