УКМК «Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин ишине кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатабы? Расмий жооп

УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатат делген маалымат боюнча комментарий берди.

«УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан мааалыматтар чындыкка дал келбейт, Улуттук коопсуздук органдары «Кыргызтелеком» ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок. УКМК, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет»,- деп айтылат маалыматта.