Кечээ, 2-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады.
Аталган турнир эки дисциплина: баскетбол жана 1000 метрге эстафета боюнча болуп өттү. Мелдешке УКМКнын Борбордук аппаратынын, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн, УКМКнын 9-кызматынын жана УКМКнын «Бөрү» Чек ара кызматынын тайпалары катышты. Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мелдештин жабылуу аземинде сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү куттуктады. Төрага дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун жана сактоонун эң маанилүү факторлорунун бири экенин белгилеп, УКМК кызматкерлерин мындан ары да дене тарбия даярдыгы менен активдүү алектенүүгө чакырды.