УКМК өлкөдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады.

Азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.