УКМК: «Өлкөдөгү менчик медициналык лабораторияларда баа арзандады»

УКМК калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында «Интелмед» («Бонецкийдин лабораториясы»), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-Плюс», «Медикана», «Лазмед клиникасы», «Гуман», «Интер-Лаб» («Инвитро»), «Интермедикал» жана «Фарватер» ири компанияларындагы лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) бардык позициясындагы бааны 30 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп», «Лаб-Сервис», «Кокомерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», “Медцентр.кж”, “Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чоп», «Мирамед жана Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15 пайызга чейин төмөндөттү. Мындан тышкары, «Юрфанын» жетекчилиги «Текшерүү томографиясынан» өтүү кызматын 20 пайызга төмөндөттү. “Томографиядан өтүү» кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү.

Муну менен катар, лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен «Интелмед» — «Бонецкий лабораториясы» ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.