«Ош-Нуру» мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманкана комплексин мамлекеттин балансына кайтарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча «Ош-Нуру» мейманкана комплексин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин Ош шаардык балансына өткөрүп берди.

Аталган мейманкананын болжолдуу баасы 18 миллион АКШ долларынан ашат. Мындан тышкары, комплекстин 0,8 гектар жер тилкеси да мамлекетке өткөрүлдү.