УКМК: Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

Бүгүн, 13-ноябрда УКМКнын 64479 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Тактап айтканда, “Күз-2024” анык мөөнөттүү аскердик кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик антын берип жана “Күз-2023” чакырылышына келген жогорку билими бар жоокерлер Коргоо министрлигинде запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйынын өтүп офицердик курамынын “лейтенант” биринчи аскердик наамын алышты.
Аталган иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 64479 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, УКМКнын ардагерлери жана ата-энелер катышты. Ташиев өз сөзүндө жаңы ачылган УКМКнын генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясына токтолуп, анда мекенге кызмат кылууну каалаган патриот жаштарга кайрылып, кимде-ким аталган окуу жайда билим алгысы келсе, алар үчүн керектүү заманбап шарттардын баары түзүлгөндүгүн белгиледи. Өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) окуу жайларында билим алып келишсе, мындан ары бул багыттагы адистер Кыргызстандын өзүнөн даярдалып чыгаары айтылды. Бул үчүн жаш адистерге окуу жана машыгуулар өтүүчү заманбап корпустар, жатакана, китепкана, жада калса мечитке чейин курулуп берилгендиги кошумчаланды.
УКМК төрагасы жалпы ата-энелерге, жаш жоокерлерге, иш-чаранын катышуучуларына академия менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип, анда каалоочулар үчүн атайын экскурсия уюштурулду.