УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып, бекитти

Кечээ, 14-февралда УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып, бекитти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

«Кечээ, 14-февралда УКМКнын кызматкерлери мурда коррупция боюнча соттолгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын үйүнө мөөр басып кетишкен»,- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузган.