УКМК Райымбек Матраимовго кайра жаңы иш козгоду. Учурда ал суракка алынып жатат

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов азыркы тапта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суракка алынып жатат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине укук коргоо органдары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Матраимов бүгүн 18-февралда саат 15:00дөн бери УКМКнын имаратында суракта отурат.  Ошондой эле мекемеден билдиришкендей ага жаңы кылмыш иши козголгон жана ал кайрадан камакка алынышы мүмкүн.

Бирок кайсы кылмыш иш боюнча суралып жатат азырынча белгисиз.