УКМК: «Рыскелди Момбеков КУУнун жасалма дипломун алган»

Кечээ, 18-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жаналиев «Социал-демократтар» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Рыскелди Момбековдун үстүнөн тергелип жаткан иш боюнча маалымат берди. Анын айтымында, Момбеков Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоого шектелүүдө. Момбековдун үстүнөн 2020-жылы 5-мартта Бакыт Шаршенбиев аттуу жаран арызданган.

Тергөөчүлөр Улуттук архив фондунан Момбековдун диплому тууралуу маалымат берүүнү суранышкан. 2020-жылы 16-мартта Архив фондунан жооп келген. Анда КУУнун диплому Момбековго таандык эмес экени, дипломдун номуру башка адамга берилгени айтылат. Бул Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын диплому да жасалма документтин негизинде алынганын билдирет.

«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү дипломдун түп нускасы сейфтен 2020-жылы октябрдагы окуялар учурунда жоголгонун билдирип, бул ишти парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин кароону суранды.