УКМК: «Садыр Жапаровдун аккаунтун чет өлкөдөн бузуп киришкен»

УКМК Садыр Жапаровдун «Фейсбуктагы» жеке баракчасын бузуу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатканын кабарлады. Комитеттин маалыматына караганда, баракчаны чет өлкөдөн бузуп киришкени такталган.

«Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат», — дешти мекемеден.

Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 1-окууда талкуулаган.

Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин, бул мыйзам долбоорун демилгелегендер бир адамга бийликти узурпациялап алууга жардам берип жатышканын айткан.

Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасынан «Көзү эле эмес, көөдөнү сокур киши экен бул акмактын-помощник» деген комментарий калтырылган.

Бул коомчулукта катуу талкуу жаратып, бүгүн президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек комментарийди президент өзү жазбаганын, аккаунтту башка адамдар бузуп киргенин айтып актанган.