УКМК сойкуканада иштеген кыздардын бети ачык сүрөттөрүн эмне үчүн жарыялап жатат?

Кечээ, 27-ноябрда УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир нече сойкуканада 130дан ашуун кыз-келиндердин аныкталганын маалымдап, пресс-релиз менен кошо алардын бети ачык көрүнгөн сүрөттөрүн, паспортторун кошо жарыялады. Бул коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Соцтармактын колдонуучуларынын көбү кыз-келиндердин сүрөтү ачык көрсөтүлгөнүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бирок сабак иретинде алардын сүрөтү жашырылбай берилгенин колдогондор да бар. Адатта жогорудагыдай маалымат укук коргоо органдары тарабынан берилген учурда кармалган жарандардын көзү жашырылып, аты-жөнүнүн бир гана баш тамгалары жазылат.

УКМК тараткан маалыматта кыздардын бетин жаппаган себебин түшүндүргөн. «Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле аларга эскертүү иретинде УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт», — деп жазылат маалыматта.